Мамлекеттик органдардын 15 коомдук кеңешинин жаңы курамын шайлоо боюнча сынакка талапкерлерден документтерди кабыл алуу жарыяланат

15.01.2018

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңеши жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия коомчулук өкүлдөрүн, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык биримдиктердин,  министрлик жана административдик ведомстволордун ишине байланыштуу тармактардын эксперттик коомчулугунун өкүлдөрүн төмөнкү мамлекеттик органдардын жаңы/учурдагы коомдук кеңештеринин курамына шайлоо үчүн сынакка документтерди кабыл алууну жарыялайт: 2018-жылдын 15-январына дейре (кошо эсептегенде): - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин КК (кошумча кабыл алуу) - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КК (кошумча кабыл алуу) - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кы...